www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кышында электр энергиясын өчүрүүлөр болбойт. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек маалымат жыйынында айтты.

Анын айтымында, электр кубатын пайдалануу чегинен ашпаган учурларды эске албаганда, кышкысын өлкө боюнча электр энергиясын пайдаланууда чектөөлөр колдонулбайт.

“Мындай учурларда абоненттерди башка трансформаторго же башка көмөкчордондорго которууну караган жөнгө салуу чаралары жүргүзүлөт. Биз өчүрүүлөр менен жөнгө салуу чараларынын ортосундагы айырманы түшүнүшүбүз керек. Өчүрүүлөр болгон учурда биздин коңшу мамлекеттер алдыдагы чектөөлөр тууралуу маалымат берип, жөнгө салуу чаралары көрүлгөндө электриктер абоненттерди башка көмөкчордондорго өткөргүчөктү 1-1,5 саат кетет. Жарандар электр жарыгысыз калбашы үчүн жөнгө салуу чаралары көрүлөт”, - деп белгиледи министр.

Таалайбек Ибраев белгилегендей, бүгүнкү күндө “Мой свет” тиркемеси аркылуу ар бир абонент менен байланыш бар болгондуктан, жөнгө салуу чаралары тууралуу билдирмелер жөнөтүлүп турат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости