www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы-Корумду автоунаа жолунун курулушуна байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеме тараткан маалыматта атайын кызмат менен бирге жүргүзүлгөн териштирүүнүн натыйжасында Жол чарба департаментинде Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Корумду автоунаа жолун реконструкциялаш үчүн консультанттарды тартууда бюджеттик каражатты мыйзамсыз пайдалануу схемасы аныкталганы айтылат. Тагыраагы – 2015-жылдын 17-декабрында аталган департамент консалтинг кызматын көрсөтүүчү компаниялардын бири менен түзгөн келишим “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” мыйзамды бузуу жана баасын 16 миллион сомго ашыкча көрсөтүү менен кабыл алынган.

Башкы прокуратура мамлекетке ири суммада зыян келтирилгенин белгилеп, Кылмыш-жаза кодексинин 166, 304 и 306-беренелеринин ("Алдамчылык", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы келген сатып алуу") негизинде иш козгоду. Кылмыш иш тергөөгө жөнөтүлдү.

Ысык-Көлдүн боюндагы автоунаа жолу оңдоло баштаганына бир топ жыл болду, бирок ал соңуна чыга элек. Курулушту кытайлык “Лонг Хай” компаниясы жүргүзүүдө - деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости