www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы шаарынын мэриясында шаар активисттери, ыктыярчылар менен бирге жыйын өтүп, жыйынтыгында ушул курамдагы турган кайрымдуулук штабы түзүлдү. Бул тууралуу Балыкчы шаарынын мэриясы NazarNews агенттигине билдирди.

Бул кайрымдуулук штабдын эң негизги максаты, калктын аярлуу катмарына карантин учурунда жардамга муктаж болгон жарандардын барына жардам көрсөтүү. Штаб мүчөлөрү кайрымдуулук иштеринин ачык жана айкын, бардык муктаж адамдарга даректүү, тең жүргүзүлүшүнө көзөмөл жүргүзүшөт.

 Мэрия тарабынан техникалык колдоо көрсөтүлөт. Аталган комиссия Балыкчы шаарынын Социалдык коргоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын имаратында иш алып барышат.

" COVID"-19 (коронавирус) илдетин алдын алуу боюнча киргизилген карантин учурунда Балыкчы шаары үчүн кайдыгер карабаган активдүү жаштарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз! Мындан аркы иштерине ийгилик жана бекем ден-соолук каалайбыз!”,-деп шаардык мэрия билдирди.

Муктаж болгон жарандар (03944) 3-06-89; 0700516237- Тилемишева Марита; 0705490298 Мааткабылова Ниязкан, ушул телефон номурлары аркылуу кайрылып, толук дарегин таштоо зарыл. Себеби, штаб мүчөлөрү жеринде барып, аныктап, тизмеге киргизишет.

Материалдык каражаттарды чогултуу Абдрахманов к.136, жүргүзүлөт.
Коомдук кайрымдуулук штабдын мүчөлөрү:
1.Өмүракунов Нурлан- " Ак-Ниет" коомдук фонду, 0705455885;
2.Эсентуров Асылмырза- "Файтер Кg- Балыкчы" мушкерлер клубунун жетекчиси, 0708797771;
3.Арнабек уулу Азамат- коомдук активист, 0701401483;
4.Болотбеков Марат - "Көл- Нуру" коомдук фонду, 0706554456;
5.Кожобеков Толкунбек- "Намыс" коомдук бирикмеси, 0708636045;
6.Чомоева Асия- " Аль- Фаджр"коомдук фонд, 0775161502;
7. Абдразаков Жакшылык- " Өркүндөп өссүн Балыкчы" коомдук фонду, 0706464664.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости