www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусундагы Балыкшы шаарынын тургундары жакынкы күндөрү тарс жарылып, жапырт көчөгө чыкканы туруптур.
Анткени, мурунку мэрди ашатканы үчүн сотто айыптуу болуп табылган Балыкчынын мэри Алмаз Мамбетов акылсыз жүрүштөрү менен шаардыктарды туш-тараптан кысып, нааразычылыкты кокого чейин жеткизиптир.
Тереңирээк айтсак, шаарда бир нече жылдан бери мыкты иштеген, тажрыйбалуу кадрлардын баарын айдаганы аз келгенсип, жыл жаңыраары менен өзү билемдик аркылуу ичкен сууга, таштандыга жана жол киреге болгон бааны асмандын башына чыгарып жибериптир.
Баарын бирдей көтөрүү эл үчүн чоң түйшүк да. Шартка карабай туруп, өзү алып келген кишилер аркылуу калктын жон терисин тилүү туурабы? Президент региондорду өнүктүрүү жылы деп демилге көтөрүп жаткан маалда Балыкчынын мэри ага каршы саясат жүргүзүп жатканы кандай?
Биздин редакцияга мэрдин кылыктары боюнча толгон-токой материал келди. Кийинки санда жарыялайбыз.
Булак: "Мантыш"