www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү токтоп калды. Бандиттер баш көтөрө баштады. Ысык-Көлдө жергиликтүү бандиттер ка­рапайым элге, ишкерлерге тынчтык бербей калды. Жергиликтүү укук коргоо органдары алсыз болуп жатат. Чолпон-Ата шаарында Кам­чы Көлбаевсиз бир да маселе чечилбей турганын айтып келишет.

Бакиев бийликтен кетип, убактылуу президенттик тактыга отурган Роза Отунбаева уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш баштап элдин сообуна калган эле. Тилекке каршы андан кийинки бийликтегилер Отунбаеванын эркиндей эрдикти жасай алышкан жок. Көрсө ОПГга каршы аял киши гана аттана алат экен да.

Учурда Ошто Кадыр Досоновсуз (каймана аты “Женго”) маселе чечилбейт. Кайра эле баягы Бакиевдин заманындай болуп, милициянын “караларга” күчү жетпей калды. Бандиттерге каршы чыгууга азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун деле духу жетпейт го.

Анткени, аты чыккан “каралардын” баарысы президенттик шайлоодо катуу иштешти…

Булак: "Ачык саясат" 

Последние новости