www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын 2-мартында ИИМдин тергөө кызматына Бишкек шаарынын тургуну арыз жазып кайрылган. Анда Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын биринде Бангладеш Республикасынын жарандарын жергиликтүү бир тургун мыйзамсыз кулчулукта кармап, зордук-зомбулук көрсөтүп, коркутуп, уруп, тигүү цехинде иштетип жүргөнү үчүн мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Бул факт 2022-жылдын 2-мартында ИИМде катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Анын жүрүшүндө Бангладеш жарандары котормочунун катышуусунда суралды жана Бангладештин 14 жараны Бишкек шаарынын Арча-Бешик конушунда жайгашкан үйдүн короосуна салынган тигүү цехинде иштеп, жашап жаткандыгы аныкталган. Ал тигүү цехинде “Али и Агзама” жоопкерчилиги чектелген коом менен келишим аркылуу иштеген жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштөөгө уруксат документтери болгон.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө Бангладеш Республиканын жарандары келишимдин негизинде иштеп жүргөндүгүн билдиришкен. Аларга карата эч кандай зордук-зомбулук көрсөтүлбөгөндүгүн, эч ким коркутуп, урбагандыгын, алар өз ыктыяры менен тигүү цехинде иштеп, жашап, ошол жерден тамак жасап жегендигин, иштеген жумушу үчүн өз убагында айлык маяналарын алып жүргөндүгүн билдиришкен.
Арызда каралган дооматтарды тактоо максатында Бангладеш Республикасынын жарандары, тергөө кызматына алынып келип, денелеринде күч колдонуудан же башка нерседен алган жаракаттары бар же жогун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалып, котормочунун катышуусунда алардын күбө катарында көрсөтмөлөрү алынган.
Бүгүнкү күндө Бангладеш Республикасынын 14 жаранына карата дайындалган соттук-медициналык экспертизанын корутундулары даяр боло элек. Учурда Бишкек шаарынын Ленин райондук ИИБинин тергөө кызматы тарабынан териштирүү иштери улантылууда.
Булак: NazarNews.kg