www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - УКМК: Бажы кызматкерлери кармалды

«Манас» эл аралык аэропортунун Ош филиалынын бажы кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Манас эл аралык аэропорту ААКсынын Ош филиалынын бажы кызматкерлери тарабынан Евразия экономикалык биримдигине кирбеген өлкөлөрдөн келген авиакаттамдардын чет өлкөлүк жүргүнчүлөрүнөн ар кандай шылтоо менен опузалап пара алуу ишин туруктуу жолго салып алган кылмышы аныкталды.

«Ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүүдө Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 1-бөлүгү (пара алуу) боюнча каралган кылмыш ишин жасагандыгы үчүн К.С.Ш. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди, ал эми А.З.А. үй камагына чыгарылды»,-деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда ал кылмыштарды жасоого тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоого багытталган иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости