www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2022-жылдын 24-мартында кыргыз-тажик чек арасында курал колдонуу менен дагы бир кагылышуу болду. Лейлек районундагы Борбордук айылында кызмат өтөп жаткан чек ара кызматкерлери менен УКМКчылар складдардын биринде «Хендай Портер» автомомобилине пластмассаларды жүктөп жатканын байкашат.
Буларды текшерүү максатында Кыргызстандын аймагындагы чек ара заставасына эки чек арачы коштоп жөнөшөт. Рулда складдын кожоюну отурган. Арка-Борбордук автомобиль жолунда 15-20дай Тажикстандын жарандары чогулушуп жол тосуп турушкан, аларды көрүп шопур безеленип жок болот.
Алар УКМкчыларды кармап автоматы менен радиостанциясын тартып алышат. Бул жерге «Жаңы жер» заставасынын чек арачылары жетип келип асманга ок чыгарышат. Чатак ырбап кетпеши үчүн Баткен облусу менен Согди облусунун тиешелүү өкүлдөрү жолугушуп, кечки 18-20 да автомат менен радиостанцияларды кайрып берет.
Чек арадагы эки элди бири-бирине кайрап турган күчтөр бар. Анткени Кыргызстан да, Тажикстан да ЖККУнун (ОДКБ) мүчөлөрү. ЖККУнун (ОДКБ) ынтымактуу болуп турушу АКШ сыяктууларга жакпайт. Батышчыл НПОлор Батыштын сөзүн миң кайталап, муунуп өлүп кала турган болушту.
Көрсө, аларга мурун эле АКШ акча берип, биз «Фас!» дегенде бардыгыңар кабанаак иттей жабылгыла деп коюшуптур. АКШнын башкы максаты Батышчыл саясатчылардын башын бириктирип, бир муштумга айлантып Орусияга каршы буруу болгон. Кыргыз элин жалпы эле Борбор Азияны козгогонго өткөн жылдары Штаттар 60 млн $ (4 млрд 200 млн. сом) накта доллар жөнөтүшкөн.
Ушунун айынан Казакстанда башаламандык башталып ЖККУ (ОДКБ) токтотконун эл билет.
Штаттын элчилигине мынча акчанын кереги эмне? Буга төмөнкүдөй максаттар себеп болуп жаткандай:
1.Кыргызстанга чек аралаш Өзбекстан жана Тажикстан менен болгон мамилесин татаалдантыш керек, ушундан улам чек арада ортого “от ташталып” чек арада чатакка чыгып турууга тийиш.
2. АКШнын башкы “бомба жардыруучу” Демократияны колдоо боюнча Улуттук фонду (NED) батышчыл жарандык коомдордун, формалдуу эмес жаштар уюмдарынын лидерлеринин жана өлүп-талып, апыртып-жабыртып Батышты жактап-мактаган маалыматчылардын, ушуларга көмөк көрсөткөндөрдүн гранттарын көбөйттү.
3. Бардыгына белгилүү болгондой ушул жалакор адамдардын акча каражатын Кыргызстандык өкмөттүк эмес уюмдар (НПО) бөлүштүргөн. Мунун арасында ЦРУнун тили менен айтканда саясий ыдык көргөн топторбар. Мындай НПОлордун саны он. Ушулар акыркы убакта 786 млн 332 миң сом грант алышкан.
4. Бул акча каражаттары Кыргызстандагы Москва менен мамиле түзүп жаткан мамлекеттик кызматкерлерге каршы пайдаланат. Бишкектин ЖККУ, ЕАЭБ, ШКУ сыяктуу эл аралык уюмдарга жакшы сөздөрдү айткандар тамыр түбүнөн жулунуп, аларга тескери сын айтууга бул акчалар жумшалат.
5. Орусияны көздөй ишмердүүлүккө багыт алган мыйзамдарды, нормативдүү актыларды жокко чыгарган НПОлордун иш-аракети кубатталат.
6. Кыргызстанда калып алып калган улуттук үй-бүлөлүк туруктуулукту түп тамырынан жок кылынып АКШнын Улуттук демократиялык институтуту (НДИ) жана ЮСАИД өкүлдөрү Гендердик теңчилик шылтоосу менен күйүп бараткан отко май тамызып туруу керек.
Баткенде Жогорку Кеңештин эки фракциясы көчмө жыйын өткөрүп келген. Баткенде негизинен биздин демөөрчүлөрдүн жардамы менен социалдык объектилердин, жеке турак жайлардын курулушу чечилиптир. Бирок, үй буюмдары күйүп, малдары уурдалып, жапа чеккен адамдарга акча төлөнө элек экен.
Ошондуктан, Улукбек Ормонов демилге көтөрүп бул акчаны тезинен төлөп берүү боюнча атайын токтом кабыл алуу сунушу бар. Акча төлөө – бул реалдуу. Себеби, өкмөт буга чейин өзүнүн чечимдерин даярдаган. Комиссия үйү күйгөн, мал-жандыгы уурдалган кишилер менен биргеликте даярдаган эсеп боюнча зыян 84 млн. сомду түзөт.
Эмне үчүн төлөнбөй келгендигинин себебин да айтышты. “Ар бири менен макулдашып, кагаздарга кол койдуруп, тактоо көпкө созулду. Күзгө чейин ушу менен алектенип, бүткөн соң өкмөткө жибердик” дешти. Парламент өкмөткө тапшырманы беришкен.
Андан тышкары, чек ара кызматынын жоокерлеринин маяналарын көбөйтүү, авиакаттамдарды арбытуу маселеси да токтомго киргизилүүдө. Бүгүнкү күндө Бишкек–Баткен да, Бишкек–Исфана каттамы да бир жолудан экен. Эл алардын санын эки эсеге көбөйтүүнү суранышты.
Авиакаттамдар боюнча айтсак, ал рейстерди аткарган жеке компания. Эгер самолет толбосо, компания чыгым тартып калышы мүмкүн. Ошондуктан, парламент ал компанияларга жеңилдиктерди берип, авиакаттамдарды көбөйтүү боюнча да тапшырма беришти.
Былтыркы чек ара чыр-чатагында бир нече чек ара заставалары да жабыркаган болчу. Алар калыбына келтирилип жатат. Демөөрчүлөрдүн көмөгү, өкмөттүн өзүнүн аракети менен заставалар, социалдык объектилер калыбына келтирилген. Бир гана нерсе, Арка массивиндеги АЗСтерге эч кандай каражат бөлүнбөптүр.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg