www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бангладештин Дакка шаарында прогерия оорусу менен ооруган наристе төрөлдү. Бул тууралуу жазып чыккан TMZ басылмасы баланы "Бенжамин Баттондун табышмактуу тарыхы" тасмасынын башкы каарманы менен салыштырды.

Тасмада Баттондун сырткы келбети убакыттын өтүшү менен карыгандын ордуна жашарат. Айта кетсек, прогерия (өз мезгилинен эрте картаюу) оорусу – адамды эрте улгайта турган сейрек кездешүүчү генетикалык оору. Бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдө 80ге жакын киши аны менен ооруганы катталган.

Улуттук ден соолук институтунун билдиргенине караганда, бул оору менен ооруган балдар адегенде кадимкидей эле көрүнгөнү менен, тез эле салмагы ыкчам жогорулай баштайт. Акыл-эсине жана интеллектуалдык деңгээлине таасир бербейт. Чачтары агарып, тез түшүп калат. Жаш кезинде жүрөк оорусу пайда болот.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости