www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бангладеште студенттердин мамлекеттик жумушка алууга киргизилген квота системасынына каршы нааразылык акциясынан кийин башталган башаламандыкта каза болгондордун саны 151ге жетип, 2,5 миңден ашык адам жарадар болду.

Бул тууралуу Agence France-Presse полиция жана медициналык маалыматтарга таянуу менен билдирди.

Буга чейин 105 адам каза болгону кабарланган.

Укук коргоо күчтөрү менен демонстранттардын кагылыштарынын курмандыктарынын арасында полиция кызматкерлери да бар.

Өлкөдө коменданттык саат киргизилип, ал 21-июлда кечинде эки саатка гана үзгүлтүккө учурады. Бангладештин Жогорку соту тарабынан жумушка орношуу квотасын жоюу боюнча петиция карала баштаганына байланыштуу 21-22-июль эс алуу күнү деп жарыяланды.

Республикадагы баш аламандыкка байланыштуу премьер-министр Шейх Хасина Испанияга жана Бразилияга сапарын токтотту.

Жогорку сот студенттердин жүздөгөн адамдардын өмүрүн алган нааразылык акцияларынан кийин мамлекттик кызматтарга киргизилген квоталардын көбүн жокко чыгарганы маалымдалды.

Белгилей кетсек, Бангладеште нааразылык акциялары ушул айда башталган: республиканын ар кайсы шаарларындагы жеке жана мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жүздөгөн студенттер 1971-жылы Бангладештин Эгемендүүлүгү үчүн согушка катышкан ардагерлердин жакындарына мамлекеттик жумуш орундарынын 30% сакталат деген квота системасын токтотууну талап кылып, көчөгө чыгышкан.

Нааразылык акцияларынан улам интернет жана телеканалдар өчүрүлүп, байланыш үзгүлтүк менен иштеп жатат. Дакка жана башка шаарларга аскерлер киргизилген.

Последние новости