www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Банктык картанын номерин гана көрүп калган киши эсептеги акчаларды уурдап ала албайт. Бул тууралуу "Прайм" басылмасына ишканалардын санариптик коопсуздугу боюнча "Инфосистемы Джет" борборунун бөлүм башчысы Алексей Сизов билдирди.

Адистин айтымында, картадагы акчаларды чыгарып алуу үчүн анын ээсинин аты-жөнүн, жарактуу мөөнөтүн жана CVV-кодун билүү зарыл.

"Айрым шылуундар булардын бардыгын билип алуу үчүн банк кызматкери катары телефон чалышы мүмкүн. Банк кандайдыр бир акция өткөрүлүп жатат деген шылтоо менен сизден көп маалымат алып коюшу ыктымал", — дейт Сизов.

Белгилей кетсек, буга чейин ал мурда кызматын пайдаланып көрбөгөн интернет-дүкөндөрдө банктык картаны колдонуу кооптуу экенин айткан. Мындан улам адис интернет аркылуу соода кылганда 100 пайыз ишенимдүү гана дүкөндөрдүн же ишканалардын кызматын пайдаланууга чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости