www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен областындагы Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушу соңуна чыгып калды. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, парламенттеги коргонуу жана коопсуздук боюнча жабык жыйындан чыккандан кийин журналисттерге айтып берди. 
Анын билдиргенине караганда, жалпы сметасы 500 миллион сомго бааланган,  24 чакырымдык жолдун бир чакырымдан ашыгыраагы эле калган.  
Эске сала кетсек, бул Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушуна тажикстандык жарандар бир нече жолу каршы чыгышкан. Эми жол бүтсө Баткен районундагы чек ара аймактарына, Кыргызстандын чеги менен эле кенен каттап калуу мүмкүнчүлүгү бар. 
Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости