www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Новосибирскидеги жаңы Башкы консулу Калдарали Маматалиевди кабыл алды.
Жолугушууда Мамлекет башчысы Россиянын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо жана ошондой эле Кыргызстан жана Россиянын региондор аралык байланыштарын өстүрүүнүн маанисин белгиледи.
Ошондой эле баарлашуу учурунда Президент Калдарали Маматалиевге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылдын 23-январындагы № 11 Жарлыгы менен Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу түзүлгөн.
Башкы консулдук өзүнө Россиянын Алтай, Алтай крайы, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарын камтыган округ менен түзүлдү.
2018-жылдын алдын ала маалыматы боюнча, Сибирь федералдык округунун аймагында убактылуу/туруктуу жашаган КР жарандарынын саны төмөнкүдөй: Новосибирск ш. жана Новосибирск обл. — 31 934 адам, Кемеров обл. — 2291, Омск обл. — 2750, Томск обл. — 1910, Алтай Республикасы — 121, Алтай крайы — 7 491. Бардыгы болуп Ыраакы Чыгыш Сибирь федералдык округунда 67 485 миң КР жарандары бар.