www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ксения Собчак менен Константин Богомоловдун үйлөнүү үлпөт тоюндагы кызыктуу окуялардын сабы үзүлчүдөй эмес. Айтсак, Константин Богомоловдун ата-энеси той-топур аягына чыга электе эле иш чарадан чыгып кетишкен. Алардын мындай кадамынын себеби эми ачыкталып отурат.

Көрсө, Ксения Собчактын кайын ата, кайын энеси Юрий жана Ольга Богомоловдор Ксения жарым жылаңач болуп, сахнага чыгып, эротикалык бийди аткаргандан улам, кызарып-татарып отурбай чыгып кетүүнү туура көрүшкөн. Келин баласы сахнада Ирина Аллегрованын “Войди в меня” аттуу ырына стриптиз көрсөткөндөй эле болгон.

Ошентип, Константиндин ата-энеси тойдогу салтанаттуу тортту дагы күтүшкөн эмес. Ал эми Ксения Собчактын апасы Людмила Нарусова болсо азыркыга чейин өзүнө келе албай жаткандыгы белгилүү болду. Аны эң эле таасирленткени ЗАГСтын чыга беришиндеги катафалк болгон. Нарусованын айтымында, ал күйөө баласы Константинди сыртынан эле тааныйт. “Театрдагы ишмердүүлүгү жана режиссер катары тааныйм, бирок адам катары жакшы биле элекмин” – деп жооп берген журналисттерге Ксениянын апасы Людмила.

Кыргызда, "жүгүрүп чыккан келиниң, үрүп чыккан итиң өңдүү болсун", деген макалды азыр заманбапташтырсак болчудай, "жүгүнүп чыккан келиниң ыймандуу болсун, үрүп чыккан итиң үрөнөөк болсун" деп, анткени азыр сулуу болуш "опоңой" болуп калбадыбы? 

Ошентип, Ксения дагы "оппа" дегенде эле кайын журтуна жакпай калды окшойт, түбү жакшылык менен бүтсүн...

Булак:NazarNews.kg  

Последние новости