www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн апта, т.а., ушул жылдын 17-сентябрында Бишкек шаардык соту Тажикстан аркылуу суу кечип АКШга качкан мурунку депутат, 1-вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин кызы Саадат Шадиеванын мүлк боюнча иши каралып, буга чейинки Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарылган чечим чыкты. Ошондой эле мүлктү камактан чыгаруу тууралуу доо арызды кароо токтотулган. Тагыраагы, Саадат Шадиеванын мүлкү камакта калды.

Кызыгы, соттун экинчи инстанциясы Биринчи Май райондук сотунун ишти артка кайтарган чечимин бетке кармашууда. Ошентсе да бул мүлк боюнча иш тээ, жайында эле каралганы менен бул тууралуу маалыматты такыр ала алышпай жатканын “vb.kg” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Андагы маалыматка ылайык, соттук инстанциялардын расмий сайтына дегеле кирүү мүмкүн эмес. Ал түгүл кесиптештердин сот канцеляриясынан тактоо үчүн кайрылышканы да жоопсуз болгон. Демек, миллиардер-коррупционердин бул мүлктөрүнө жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан бирөө-жарым кызыктар болгонбу деген жыйынтык чыгууда. Болбосо эмнеге сот иштерин коомчулуктан жашырат?

Белгилей кетсек, 2018-жылдын 25-декабрында Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту Аскарбек Шадиевди сыртынан 10 жылга күчөтүлгөн тартиптеги колонияда эркинен ажыратуу жана мүлкүн мамлекетке чегерүү жөнүндө өкүм чыгарган. Кийин анын мүлкүнүн тизмеси жарыяланып, анда Коопсуздук Кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев Шадиевдин конфискация болгон мүлкү 1 852 236 99 сомду түзгөнүн жарыялаган.

Шадиевге Башкы прокуратура алгач «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганы себеп болгон. Андан кийин Шадиев Тажикстан аркылуу АКШга качып качып кеткени айтылып, Кылмыш-жаза кодексинин «Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренесинде каралган белгилер боюнча да иш козголгон.

Мындан тышкары, ага «Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо» беренеси боюнча да айып коюлуп ага издөө жарыяланган. Бирок, издеген киши жок...

Булак:NazarNews.kg

Последние новости