www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төрт эмге батир берилди

"Бала падышадан да кудуреттүү" демекчи, Кыргызстанда төрөлгөн 4 эмдин ата-энелерине "КЖ групп" компаниясынан белекке батир тапшырылып, Көк-Жар жаңы конушунда ак өргөө тою болууда.

Кудай сүйгөн уул-кыздарга, ата-энелерге шарт түзгөн Имамидин Ташевге ыраазычылык. Өлкөбүздө жакшылыкка жарчы болгон инсандар көп болсун. Балам бактым, балам базарым. Бала жытына тойгон адам болбосо керек. Андыктан, жакшылык жуксун деп ырымдап, наристелерди жыттап, аларды кучактап сүрөткө түшүүгө да үлгүрдүм. Бала, ата-эне кубанычын жар салып, салтанаттуу иш-чараны уюштурган Элнура Кулуева баштаган топтун ишине ийгилик! Ылайым, кыргыздын саны көбөйүп, жылда 4 эмдер төрөлө берсин!

Жазгүл Карбосова

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости