www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Армагеддон” кинотасмасы маанисин жоготту. Буга капа болуп дүйнөнүн кайсы бир бурчунда Брюс Уиллис жалгыз ыйлап олтурса керек.

Дегенибиз, учурда Орусия менен АКШ окумуштуулары Жерди астероиддерден сактап калуунун жолун табышты.

Тагырагы, Королев атындагы Самара улуттук изилдөө университетинин, Лебедев атындагы институттун жана америкалык Эмори университетинин ойлоп табуучулары биргеликте атайын лазердик системаны түзүп чыгышкан.

Эми бул эксперименталдык лазер системасы менен Жер орбитасын астероиддерден сактап гана калбастан, лазердин чакан жана күчтүү жарык булактарын өндүрүшкө пайдаланса дагы болору айтылууда.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости