www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армениянын полициясынын мурдагы жетекчиси 63 жаштагы Айк Арутюнян каза болду. Бул тууралуу армян маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, анын ок тийген денеси өз үйүнөн табылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, ал өзүн өзү аткан. Өз өмүрүнө кол салууга жеткирүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Арутюнян 1999-жылдан 2003-жылга чейин Армениянын ИИМин, 2003-жылдан 2008-жылга чейин республикалык полицияны жетектеген. Ал өлкөнүн экс-президенти Роберт Кочаряндын кылмыш иши боюнча күбө болуп жаткан. Кочарян бул иште 2008-жылдын 1-2-мартындагы окуяга күнөөлөнүп келе жатат. Ал күндөрү Армениянын биринчи президенти Левон Тер-Петросяндын тарапташтары президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп, БШКнын жыйынтыгын тануудан баш тартышкан. Көчөгө чыккандарга карата курал колдонулуп, 10 киши өлсө, дагы ондогон адамдар жаракат алган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости