www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакында Лейлек районундагы чек ара аймагында чыккан чыр-чатактын чыныгы себептери башкада болушу мүмкүн экендигин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Бирок ал кандай себептер экендиги тууралуу тактоо киргизген жок.

Расмий маалыматтар боюнча, чыр-чатак эки өлкөнүн ортосунда аныктала элек жерге курулуш иштеринин жүрүшүнөн улам келип чыккан.  

Ал эми учурда чыр-чактак чыккан Максат айылында абал туруктуу. Жада калса эки өлкөнүн жаш уландары футболдук турнир өткөрүп, күч сынашты дейт вице-премьер. Анын айтымында, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин аяктамайынча келечекте мурункудай талаш маселер чыга берет.

Булак:NazarNews.kg  

Последние новости