www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

"Барби" комедиясынын авторлору тасма дүйнөлүк прокатта миллиард доллардан ашык киреше тапканын айтышты, муну серепчилер да тастыкташты.

"Барби" азыр кассада 2023-жылдын эң көп киреше тапкан экинчи тасмасы болууда. The Super Mario Bros ("Бир тууган Супер Мариолор") 1,35 миллиард доллар менен 1-орунда турат. Буга чейин жарыкка чыккан бардык тасмалардын ичинен "Барби" прокаттагы ийгилиги боюнча 45-орунда.

"Барби" режиссёр айым тарткан эң көп киреше тапкан тасма болгону белгиленүүдө. Ага чейин Пэтти Женкинстин 2017-жылы жарыкка чыккан Wonder Woman тасмасы прокатта болжол менен 822 миллион доллар чогулткан.

Расмий түрдө "Барби" орус кинотеатрларында көрсөтүлгөн жок. Анткени Голливуд студиялары Украинада толук масштабдуу согуш башталгандан кийин Орусиядан чыгып кетишкен.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости