www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
--Барчын мырза, жай айында Бишкекте маалымат жыйын уюштуруп, Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын лидери Жыргалбек Турускуловго байланышкан Жумгалдагы мыйзамсыздык, жасалма диплом ж.б. боюнча маселе көтөрдүңүздөр эле, иштин жыйынтыгы болдубу?
--Эч кандай жыйынтык болгон жок. Биз көтөргөн маселенин бири Жумгал РЭСинин башчысы Борбушалиевдин жасалма диплому боюнча эле, аны Генералдык прокуратура облпрокуратурага дайындаган экен, облпрокуратура «Борбушалиев Амантурду Жумгал РЭСтин башчысы болуп иштеп жаткандыгы мыйзамга туура келет» деген гана жообун узатыптыр. Диплому бар же жоктугу тууралуу бир ооз сөз жок. Эгерде мыйзамга туура келсе, эмнеси туура келип жатат, так жазбайбы? Диплому бар, мобул жогорку окуу жайды бүтүргөн, момундай билими бар деп көрсөтпөйбү. Себеби, мыйзам боюнча ал кызматка жогорку билимдүү гана адис иштеши керек. Эгер дипломду көрсөтө албаса, Турускуловдун тапшырмасы менен жогор жактан «звонок» болду, аны аттап өталбай калдык, бизге ушул туура келип калды деп, анысын көрсөтсүн. Же 3-чү вариянтты ачыкка чыгарып, бизге берген парасы көңүлүбүзгө төп келди ишти жаптык десин. Бизге ушул үч жагдайдын бирин так айтмайынча тынбайбыз. Менимче, дипломун көрсөтө албаган соң булар экинчи эки жагдайдын бирин аткарды.
--Турускуловдун жардамчысынын бир тууган инисине кылмыш иши козголуп, ал каралбай жатканы чынбы?
--Чаек айылынын мурунку башчысы, Турускуловдун азыркы учурдагы жардамчысы Кадыров Арстан Солтоевич деген бар, бийликтин күчү менен бир тууган иниси Кадыров Бектен Солтоевичти айыл өкмөтүнүн башчысы кылып коюшкан. Анын үстүнөн прокуратура тарабынан 171-берененин 4-пунктунун 2-бөлүгү жана 304, 316, 315-беренелер боюнча кылмыш иши козголгон. Бирок, иш бармак басты, көз кысты менен кармалып турат окшойт, жарым жылдан бери сотко өтпөдү. Кылмыш иштин ар биринин бүтө турган мөөнөтү бар, неге мунуку кыймылдабайт? Нарын областынын прокуратура системасы эмне үчүн мыйзамды сактабайт? Мыйзамга көзөмөл жүргүзө турган органдар эмне үчүн мыйзамды бузуп жатышат?
--Сиз бу Жыргалбек Турускуловдун артынан сая түшүшүңүздүн артында саясат жокпу?
--Мен саясаттан оолак жүргөн кишимин. Турускулов мени куугунтуктап жатат дей турган болсо, мен берген фактыларды бүт жалган деп, далилдерин алып чыксын. Андай кылса мен бүгүн да Турускуловдун алдына барып кечирим сураганга даярмын. Эгерде далилдерди таба албаса, анда мамлекеттин мыйзамдарын бузганды токтотсун. Мамлекетти диплому жок жек-жааттары менен башкаргыдай анын менчиги эмес.
--Турускулов боюнча дагы кандай жаңы жагдайларды айта аласыз?
--Турускуловдун класс жетекчисинин баласы Чаек айылында 15тен ашык үйгө ууруга кирип, уурулук боюнча камалган экен. Ага Турускуловдун түз кийлигишип, ишти жаптырып, камактан чыгарыптыр. Быйыл ошол Турускулов түрмөдөн чыгарган бала бирөөнүн кызын зордуктап, ага да ыраазы болбой соткасын уурдап кетиптир. Энеси көзүнүн жашын көл кылып мага келди, чыдай албай президент менен прокуратурага арыз жаздым, ошондон баштап издеп жатабыз дегенге араң жарады. Эмне үчүн Турускулов өң-тааныштык менен бирөөнүн тагдырын бузган адамдарды коргоп, калкалап жатат? Шайланганга чейин эл үчүн деп кыйкырып, шайлангандан кийин элди басмырлап, кордоп, тескерисинче өзүнүн жек жаатын кызматка коюп, кылмышын жаап-жашырып жаткан кишиден жакшылык күтүүгө болобу? Мен элдин гана таламын талашам. Ошон үчүн мени кайра-кайра шайлап, Жумгал райондук айылдык кеңешине 7 ирет депутат болуп отурам. Эч качан элдин кызыкчылыгына каршы барган эмесмин. Эгер мен да Турускуловду туурап, чоңдорго, акчалууларга адвокат болсом эл шайламак эмес.
Зулпукар Сапанов
Булак: “Де-Факто”