www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин сыр куржунубузга окурмандан төмөнкүдөй кат келип түшкөн. Окурман кызыбыз атын ачык айтпоону өтүнүү менен өзүнүн көйгөйүн жарыялап элден кеңеш алгысы келип жатканын билдирди. Биз окурмандын суранычы менен атын өзгөрттүк.

Саламатсыздарбы? Сиздердин кеңешиңиздерге өтө муктаж болуп турган чагым . Атым Барчынай, 23- жаштамын, күйөөгө тийип ажырашып кеткенмин. Чоң сүйүү менен турмуш курган эмесмин. Ажырашуубуздун бирден- бир себеби: жолдошум арак ичип, чегип, мени кемсинтет, жада калса  “сен акылы жок туубас катынсың”- деп кол көтөрүп, күн көрсөтпөй койгону. Мен андай жашоого чыдай албадым. Жолдошумдун көк-ала койдой сабаганынан улам денемдеги жаракат кеткенче бир-эки ай үйдөн чыга албай отуруп калган учурлар көп эле болду. Ошондон улам  жолдошум менен эки айрылыш жолго түштүк. Жолдошум менен жашаган бир жыл убакыт мага бүтпөгөн тозоктой сезилчү.

Арадан убакыт өтүп мен биринчи алгачкы тунук сүйүүмө кезиктим. 8 ай ысык мамилебиздин жыйынтыгы мени кош бойлуулукка алып келди. Бул нерсе мен үчүн да, ал үчүн да күтүүсүз болду. Менде апамдан башка  сырдашаар эч кимим  жок болчу. Бул окуяны жалгыз апама айттым. Апам менин жагдайымды түшүнүп, кыйын-кысталыш күндөрүмдө мага жөлөк болуп, колдоо көрсөттү.  Апам берген кеңеш менен жигитим экөөбүз ачык сүйлөшмөй болдук.

Экөөбүз сүйлөшүп баштаганда эле жигитим мени менен жарандык никеде жашагысы келгенин, бирок азыр мага үйлөнбөсүн айтты. Мен шок болуп эле туруп бердим. Мен бүт дүйнөмдү берип, сүйүп турган адамым ушундай мерезби деп кайра- кайра өзүмө суроо сала бердим.

Ошентип, үйгө маанайым жок келсем мени дагы күтүлбөгөн дагы бир белек күтүп турган экен. Ал менин мурунку күйөөм болчу. Менин курсагымды көргөн мурунку жолдошум “Адам болом, мени кечир, өзгөрөм, балаң башкадан болсо да өз баламдай асырап алууга макулмун”- деп жалбарып кирди. Мен “Ойлонууга убакыт бер, сенин мага көрсөткөн кордугуңду унута элекмин"- деп мурунку күйөөмдү кетирип салдым.

Эми эки ажырым жолдо турам. Сүйүүмдү күтүп, баламды өзүм үчүн төрөп жигитимди багындырып алсамбы, же баягы эле тозок жашоого кайтып жолдошума барсамбы? Жашоону тереңдеп билген акылман эжекелерден кеңеш күтөм....

Булак: NazarNews.kg

Последние новости