www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздын күчтүү акындарынын бири, бирок, таланты толугу менен ачылбай калган акын Барчынбек Бугубаев. Анын оозунан ыр учкундары жамгырдай себелеп турчу. Айрыкча илхому келип, көңүлү жайдары кезинде, анын оозунан чыккан сөздөр менен кирине турган болсо, адам периштедей зымырылып түз эле көккө учуп кетмек. Барчынбек Бугубаевдин поэзиясын түшүнүү эң оор болгон. 1996-жылы президенттин "Алтын калем" сыйлыгына ээ болгон соң, «Оо, кыргыздар ажобузду ата дегиле!» - деп «Кыргыз Туусу» гезитине желпинип чыкты. Албетте, кошоматчыларга жага бербей калды. Ошол замат Акаевди «ата» дей башташты. Сатирик акын Кадырбек Керимбаев (Саяковский) сыяктуулар каршы: «Акаевди ата десең Майрам Акаеваны «мама» деп ал» - деп чыгышты. Анын эргүү менен чыккан, адамга ар кандай ой туудурган чыгармаларынын ичинде кыргыз элин ойго сала турган: «КЫРГЫЗ ТИЛДЕН ТИЛИҢЕРДИ ТАРТКЫЛА!» - деген чыгармасы бар.

Ал кезекте, мектептерде,

Окуу жайда, калаада

Кыргыз тилде аз сүйлөгөн

Көчөлөрдө жана да,

Тактап айтсак андагы шарт,

Таасир берген сага да,

Анда чындап түшкөн эле

Ата-энелер санаага.

Ошондуктан бир жагынан

Сен күнөөлүү эмессиң,

Бирок да сен кыргыз элге,

Кыргыз тилге керексиң.

Башка тилге керегиң жок

Буга кандай демексиң?

Мына бүгүн азаттыктан

Алган элдин белеги

Кыргыз тили, Кыргыз гимни,

Кыргызымдын желеги.

Элге келген бул ооматка

Эргип маани берели,

Кыргыз тилдин бизден башка

Эч кимге жок кереги.

Андай болсо кыргыз тили

Сүйлөп турат жаныңда,

Ар-намысың мына мен! – деп

Агып турат каныңда.

Тууган элдин көөдөнүндө

Тулпар болуп табында

Өзгө иштен жаңылсаң да,

Өз тилиңден жаңылба,

Бакыбат эр, жигит болсоң,

Башка тилге жагынба.

Сен сүйбөсөң, мен сүйбөсөм,

Биздин тилди ким сүйөт?

Жаратылыш тил берген соң,

Жарык чачып күйчү деп

Өз тилиңди өзүң баалап,

Өз тилиңди сүйчү деп.

Кадимки эле Карл Маркс

Эчак жашы алтымышка чыкканда

Толстойдун томдорунун

Атак-даңкын укканда

Күндүр-түндүр, сөздүктөрдү аңтарып,

Орус тилин үйрөнүптүр үч айда.

Максаттанып, Толстойду, Пушкинди

Окуйм – деп түп нускада,

Көп тил билсең ошончолук көп адамсың дегендей,

Түп нусканын, пайдасын да жыргалын

Билиш үчүн оболу,

Өзүбүздүн түбүбүздү, тегибизди унутпай,

Өзүбүз да “түп нускада” бололу.

Мына ошентип улуу Маркс

Алтымыштан ашканда,

Тил үйрөнүү керектигин үйрөтүптүр жаштарга,

Силер дагы үйрөткүлө,

Үйрөнгүлө билимди,

Ыйык милдет экендигин

Айрыкча өз тилиңди,

Андай болсо да бир мисал айталы

Кыргыз тилдин касиети жүнүндө.

Эмне гана болбойт кызык өмүрдө

Тобо дейбиз, момун, көркөм, моюбаган,

Тилибиз бар бактыга

Андай болсо ар бир улут, өз тилинде

Сүйлөй алса, ырдай алса жакшы да.

Ансыз деле аз дагы эмес, көп дагы эмес элибиз.

Ошондуктан ойлонуп,

Кыргыз тилден тилиңерди тарткыла!

Андан көрө кам көргүлө,

Көңүл сырын тапкыла!

Кыргыз тилин сүйбөй туруп,

Сүйө албайсың Манасын.

Кантип чындап сүйө аласың

Суусун, нанын, абасын.

Кантип билет бай тарыхын,

Кан Бакайдай бабасын.

Кантип чындап сүйө аласың

Ала-Тоосун, талаасын.

Билсең эгер кыргыз тили

Билинбеген канатың.

Өз тилиңди сыйлабасаң,

Өз тилиңдин кусуруна каласың!

Кыргыз тили аялуу тил!

Ыйык, назик билгенге,

Өзү менен, сөзү менен

Бирге кармап жүргөнгө

Кадимкидей жөлөк болот

Касиетин билгенге...

Мүмкүн эмес кыргыз тилин сүйбөскө,

Ошондуктан Чыңгыз агам бир кезде,

Эки тилди билиш үчүн жакшылап,

Эки китеп которгонун айтышат.

Сөздүктөрдөн сөздүктөрдү аңтарып,

Сөз сөөлөтүн билген сайын канчалык.

Таланты өсүп, жетилгендир өнөрү,

Таттуу ширин, таамай тилге тамшанып,

Көрдүңүзбү тил керектигин.

Чыкем чыкты канчасына белестин,

Андай болсо, аңдай салып өзүң да

Айтматовдон акылдуумун дебессиң...

Бул бир мисал, экинчисин айтайын,

Түпкү тилдин эмне экенин байкагын.

Дүйнө билген Сталинди билесиз,

Балким сындап, балким жактап жүрөсүз,

Кыргызымдын шайырлары чогулуп

Москвага курултайга барганда,

Мыскал эже кыргыз тилде,

“Алымканды” абазына салганда

Обонду угуп, отуралбай Сталин

Ордунан тик туруптур.

Аны көрүп чоң залдагы делегаттар,

Министрлер туруп-туруп угуптур

Рузвельтке, Черчилге

Дүйнөдөгү кыйын делген бир да жанга турбаган,

Сталиндин ордунан тик тургузган,

Обонду да турган бойдон угузган,

Кыргыз тилдин касиети эмеспи,

Сизге дагы башка мисал керекпи?

Дале болсо Айтматовду

Айткым келет кайталап,

Дале болсо Чыкебизден

Даанышмандык байкалат.

Кыргыз тили, орус тили

Эки канат сыңары,

Сыртка чыкса орус тили алып барат,

Үйгө келсе кыргыз тили калкалап,

Эки тилдин эркеси да кулуну,

Эмине бул эрдик эмей чыныгы...

А сен болсо, орус, немис, жапон тилин билесиң,

Кыргыз тилин түшүнсөң да сүйлөй албай жүрөсүң.

Антсең дагы Ала-Тоону биздей эле сүйөсүң,

Ал сүйүүңдү сен далилде иш менен,

Өзүңдү-өзүң мажбурлаган эмгек менен күч менен.

Кыргыз тилде сүйлөп турсаң,

Кыргыз жериң, кең Ала-Тоо

Кубанычка сыябы?

Кыргыз эне наристенин

Эң биринчи тилин уккан сыңары,

Сени көрүп канчалаган

Калаалыктар ойгонот.

Эне тилдин касиетин

Эстейли деп ойломок...

Өз элинен өз тилинен

Ыйык кайда жигитке,

Өз тилинде сүйлөй алсаң

Жараганың бир ишке.

Эне тил – бул аба сыңар,

Түшүнүшсө, билишсе,

Эне тилин билбегенге оңой эмес ар качан,

Өз жеринин абасынан

Алыс калган күлүкчө.

Андай болсо, күлүк тулпар баяны,

Акын Совет Урманбетов агайдын

Атактуу бул чыгармасын силерге

Мисал кылып алалы.

...Бир хан угуп качандыр бир

Тулпар жайын алыскы,

Кеңешти да ал тулпарды

Уурдатып алышты,

Таптаттырып, алып берет – деп намысты,

Бир чоң тойдо аламанга салышты.

Узак жолдо келе жатты күлүктөр,

Карап жатты куштай учуп үмүттөр,

Биз сөз кылган баягы,

Хан алдырып салган тулпар жанагы,

Араң зорго келген экен төртүнчү

Ачууланып ажонун, курулуптур заманы,

Кана айткыла билгениңер

Не кылабыз дегенде

Бир саяпкер айтыптыр,

Иш мааниси тереңде

Үч түш көрсөң, ишенүүчү иш эмес,

Биздин тулпар үчтөн кийин араң келет дегенге,

Кубат болуп, касиети колдомок,

Тулпар туулган жердин чөбү

Керек деди тулпарга,

...Күндөп-түндөп чөбүн ташып келишет,

Туулган жердин чөбүн, жемин беришет,

“Саяпкер таптай берет, таптай берет,

Көргөндөр мактай берет, мактай берет”.

...Кайрадан той, кайра кошот жарышка,

Кайран тулпар жарайт дешип намыска

Биз сөз кылган баягы,

Хан алдырып салган күлүк жанагы,

Араң зорго экиден соң келиптир,

Кайран каган капаланып кейиптир.

Хан кайрадан: “Кана айткыла жигиттер

Не кылабыз” дегенде, саяпкери айтыптыр:

-“Иш мааниси тереңде,

Бир себеп бар үмүткө

Тулпар туулган жердин суусу

Керек” – деди күлүккө,

...Күндөп-түндөп, арабалап,

Суусун ташып келишет.

Туулган жердин тунук суусун,

Мөл булагын беришет.

“Саяпкер таптай берет, таптай берет,

Көргөндөр мактай берет, мактай берет!”

...Кайрадан той, кайра кошот жарышка

Кайран тулпар жарайт дешип намыска.

Биз сөз кылган баягы

Хан алдырып салган күлүк жанагы

Турпат сыны анык тулпар сезилчү

Араң зорго келген экен экинчи..?

Ал ошондо

Кайран каган, капаланып кейиптир,

Эмне мындай, бирден кийип келиптир,

Не кылабыз? дегенде,

Саяпкери айтыптыр:

-Иш мааниси тереңде,

Биздин тулпар келиш үчүн биринчи,

Тулпар туулган жердин керек абасы?..

Ушундай го чамасы...

Деп айтканда хан катасын тез билип,

Туулган жерге ал тулпарды берген экен жеткирип,

Өз жеринде далай түшүп жарышка

Далай жолу жараган – дейт намыска

Көрдүңүзбү? Туулган жердин абасы

Тулпардын да болгон экен канаты,

Кыргыз тили кыргыз үчүн

Аба өңдүү билсеңер,

Силер дагы жарыштарда келсеңер биринчи,

Эне тилдин кадыр-баркын билсеңер!

Мынча болду да бир мисал угалы

Токойдогу бир чогулуш тууралуу,

Кайың, арча, карагайлар айтышат,

-Балта деген чыгыптыр, баштан аяк шылыптыр.

-Ал эмне экен?

-Темир экен, сабы биздин токойдон

-Ошол Сапка түшүндүрүп айткыла

деп, улуусу айткан окшой сыягы,

Башка болсо бир жөндүү

Өзүн-өзү кыябы?

Деген сөздөр Сапка жетип акыры,

Ойго батып келген экен акылы.

Бул окуя элге-журтка угулуп

Токой кыйбай калган экен тыйылып...

Ал сыңары, балтага Сап жигиттер,

Баарыңардан, бүтүндөй эл үмүткөр,

Кыргыз тили токой эмес кыйгыдай,

Беш-он жылдык бийликтин

Кочушуна сыйгыдай.

Ошондуктан,

Улуу-кичүү, улутуна карабай,

Эркек-аял, жынысына карабай,

Кыргыз тили кылымдардын белеги,

Керек мага, керек сага абадай,

Өзгө тилдин мазагына калбайлы,

Өз тилимдин керегине жарабай.

Өтө кыйын эне тилдин кусуру,

Улуу-кичүү унутпайлы ушуну,

Эпосторун эстегенде ойлойбуз,

Эне тилим бардык тилдин Кызыры.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости