www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев соттордун ишин көзөмөлдөө керек деген пикирин билдирди. Себеби, милиция же башка күч түзүмдөрү кылмышкерлерди кармап бергени менен, алар бир-эки жылга жетпей соттордун чечими менен боштондукка чыгып кетип жаткандыгына нааразы болду.

Чындыгында, жагдай ошондой. Акыркы учурдагы бүйүр кызыткан бир эле мисал келтирели. Мамлекеттик каттоо кызматынын Бишкек шаары боюнча автотранспортторду каттоо жана айдоочулук курам бөлүмүнүн башчысы Насыр Алмаматов чоң өлчөмдөгү пара алып жаткан жеринен кармалып, 2018-жылы 12,5 жылга эркинен ажыратылган. Бирок, негедир ал гумандуу Бишкек шаардык сотунун чечими менен бир-эки жыл абакта отуруп-отурбай эле 2019-жылдын 9-июлунда боштондукка чыгып кеткен. Бул бир эле мисал! Анан эл өкүлү айткандай, кантип сотторго ишенсе болот? Деги, өкмөт, парламент, президент соттук реформа жүрүп жатат эле дейт, ал кайда жүрөт өзү реформа деген неме?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости