www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 23-октябрда Москванын Кремль сарайында кыргыз ырчысы Самара Каримованын концерти өтүп, бүгүн интернет айдыңында ал концерттин өтүшү тууралуу эки тараптуу пикирлерди жараткан талкуу башталды.

Ошентсе да албетте, оң пикирлер басымдуу.

Алардын бири, жазуучу Чолпонбек Абыкеев Самарага ийгилик каалап, чыгармачылык жолдун татаал, азабы арбын болоорун, ага чыдаган гана инсан көздөгөн максатына жете алаарын кеңеш катары айткан пикирин жазды.

“Самара кызыбыздын Кремлде койгон концерти тууралуу соцтармактарда түрдүү пикирлер айтылууда. Бул эми, бир чети мыйзам ченемдүү көрүнүш. Ошондо да сынына караганда сыймыгы көп айтылса дейт элем. Кантсе да Кремлде кыргыздын чыгаан таланттары күн ара концерт берип жаткан жок го...

Кыргыз үнү, кыргыз ырлары Кремлде жаңырып тургандын жаман жагы барбы? Сын айтыш оңой. Ал эми Кремлде концерт берүүгө жетишкендей иш жасоо - оор түйшүк. Эмгекти, түйшүктү ошондой иш жасаган адам гана билет. Өмүрү чеке жылытаарлык иш колунан келбегендер интернетте олтуруп алып сын айта бергенди билет. Бирөөлөрдүн жетишкендигин көрө албагандар да ошондойлордун арасынан көп чыгат. Самара кызыбызга болсо андан жашы улуу адам катары айтар каалоом; Самара, өргө чыгуу жеңил эмес. Ашуунун белине чыгуу, чокуга чыгуу чеке тердеген кайратты, тынымсыз эмгекти, чыдамкайлыкты талап кылат. Бут жооруйт, бел ооруйт. Жолуңдан керек болсо таштар кулайт. Чыдагандар көздөгөн жерине жетет. Чыдабагандар жолдон артка кайтат. Мындай татаал жолдо кулап кеткендери да болот. Өр жолдо баратасың. Чыдамдуу болуп бийиктикке чыгууңа тилектешмин!”, - деп айтылат жазуучунун баракчасында.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости