www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин жумушчу иш сапарынын алкагында өтүп жаткан жергиликтүү калк менен жолугушууларында көптөгөн көйгөйлүү маселелер көтөрүлүүдө. Бирок, айтылган сөз айтылган бойдон, берилген убада ошо бойдон унутта калууда.

Ал эмес Жалал-Абад облусунун активдери менен жолугушкан убакта, облустун губернатору Сатыбалдиев Кыянбек Урмаматович баш болуп бул жыйынга катышкандар кызуу уйкуга киришкен. Президент Сооронбай Жээнбеков маанилүү маселелер менен сүйлөп жатса, ушул ишти чечкендер уктап жатышса кандай маселелер чечилет. Өкмөт менен тиешелүү адамдар ошондой маселелерди эстен чыгарбай, кылдат иликтеп чыгып, тийиштүү чараларды көрүшү керек.

Бул тууралуу депутат Калдарбек Баймуратов Жогорку Кеңеш жыйынында төмөнкүлөрдү билдирди:

- Мисалы, президент Көк-Жаңгак шаарына барганда жергиликтүү тургундар жедеп эскирип калган маданият үйүн оңдоп берүү өтүнүчү менен кайрылган. Тилекке каршы, ал өтүнүч азыркыга чейин аткарылган жок. Мында көп жылдар мурда курулган ал имараттын архитектуралык баалуулугу бар. Өкмөт муну эске алышы керек, - деди депутат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости