www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көпчүлүктү кызыктырып келген “Ош-Бишкек” жолундагы тоннелден өткөн автоунаалардан алынуучу төлөмдү автоматташтырылгандан кийин канча акча жыйналаары белгилүү болду. Бул тууралуу бүгүн, 24-октябрда Жол жана транспорт министрлигинин коллегиялык жыйынында министр Жанат Бейшенов өзү билдирүү таратты.

Анын маалыматына ылайык, аталган тоннелден өтүүчү автоунаалардан алынган акча 2019-жылдын 9 айында 48 млн 652,4 сомду түзгөн. Бул былтыркы, 2018-жылдын 9 айына салыштырмалуу 4 млн 579,5 сомго көп. Пайыз менен алганда, салыштырмалуу быйыл жыйналган акча 110,4%ды түзгөн.

Былтыр, ушул эле 9 айдын көрсөткүчү боюнча 44 млн 72,9 сом чогулган экен.

Демек, буга чейин, же былтыр, бир эле жыл ичинде 5 миллионго жакын акча каражаты кимдир бирөөлөрдүн чөнтөгүнө куюлуп кеткен. Болбосо бир жыл ичинде Кыргызстанда ушунча көрсөткүчтө автоунаа көбөйүп кетмек беле?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости