www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан Кыргызстан менен чектеш, тактала элек аймакка баштаган курулушун кайра бузмай болуптур. Ага 20 саат чегерилиптир. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облусунун “анабашчысы” Акрам Мадумаров билдиргендиги белгилүү болду. Негедир, дал ушул губернатордун айтканы ар дайым тетиринен чыгып же айткандары иш жүзүнө ашпай турчу жайы бар эле өзү.

Дегенибиз, июль айынын этегинде дагы чектеш аймакта чыр чыккандыгы эсибизде болсо керек. Анда дагы дал ушул Мадумаров бардыгы “сонун” болот деп элди үмүттөндүрдү эле, ал сөзү мына минтип эки ай өтүп өтпөй тетиринен чыга келгенине күбө болдук.

Деги, ушул облус жетекчиси негизи эле, аймактагы чыныгы абал, жагдай менен жакындан таанышпы же жокпу деген ой келет экен айласыздан. Айла жок, алдыда 20 саат бар экен. Күтө туралы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости