www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Негизинен кыргыз-тажик чек ара чырына байланыштуу жарып ийчү деле сыр жок”, -деп коомдук ишмер Токтогул Какчекеев “NazarNews.kg” маалымат агенттигине айтып берди. 

ИИМдин ардагери белгилегендерге таяна турган болсок, жыйынды жашыруун өткөрүүнүн бир гана себеби бар. Ал атайын кызматтын жашыруун маалыматтары, алардын кемчилиги же келечектеги атайын иш аткаруу максаттары болгондо гана.

- Болгону өкмөт башчысы элге ток этер жерин айтыш керек. Жашыруун жыйын элдин ишенимин буруп салат. Мисалга, экс-президент жөнүндө кандай гана кабарлар айтылып жатат. Бул учурдагы президентке сабак болушу керек.  Ошондой болбошу үчүн Баткендеги окуя өкмөт тарптан ачык айтылышы керек, болбосо имиш-имиш сөздөр күчөп кетет. Анан ал коомдук чыңалууга алып келет эмеспи.-дейт Какчекеев  

Белгилей кетсек, кечээ, 18-сентябрда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасы тууралуу эки тараптын өкмөт башчылары сүйлөшүшкөн. Анын жыйынтыгын бүгүн 19-сентябрда, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште айтып бермек. Бирок, өкмөт башчынын сөзүн депутаттар жабык эшик артында угууну туура көрүштү. 

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости