www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Директорлор кеңешинин чечими менен «Жалалабадэлектро» ачык акционердик коомунун башкы деректору болуп Рахманов Дурусбек Ашимович, коммерциялык маселелер боюнча орун басарлыгына Жумабаев Мыктыбек Кубакович, экономика жана каржы боюнча орун басарлыгына Байсымаков Мирлан Маликжоомартович дайындалышты.

Кечээ, 18-сентябрда Улуттук энергетикалык холдинг башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бакыт Есенбаева жаңы дайындалган жетекчилерди компаниянын жамааты менен тааныштырды.

Рахманов Дурусбек Ашимович буга чейин Жалал-Абад район электр тармактарынын башчысы болуп иштеп жаткан. Мурунку башкы деректор Кеңешбек Маматканов жана орун басарлары мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кызматтан кетишти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости