www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Көптөн бери талашка түшкөн бийликчил партия - КСДПнын мөөрү менен учредителдик документтерин издеп "таппай" жаткан партиянын учурдагы лидери Сагынбек Абдрахмановго партиянын катарынан чыгарылган анын мурунку мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина 24.kg маалымат агенттиги аркылуу "ме!" деп ортоңку сөөмөйүн көрсөткөндөй жооп кылды.

Депутаттын айтымында, партияга юридикалык укуктук жактан ээлик кылууга мүмкүн болгон документтер жана партиянын мөөрү мурунку лидер Алмазбек Атамбаев камала электе четке чыгарып кетишкен. Тактап айтканда партиянын негизги документтери Кыргызстандан сырт жакка бекитилген.  

- Биздин партияны рейдерлик басып алуу аракеттери көп убак мурун эле башталган, ошондуктан биз партиянын керектүү документтерин жана мөөрүн алып коерун сезип бекитип койгонбуз. Убакыт келет, ошондо Абдрахманов да бул аракеттери үчүн жооп берет, -дейт депутат аталган агенттикке.

Буга чейин ушул эле агенттикке КСДПнын учурдагы лидери саналган Сагынбек Абдрахманов Атамбаевге караштуу "Форум" мекемесин тинтүү учурунда партиянын керектүү документтери жана мөөрү табылбай жатканын билдирген. Ошенте да ал өзүн "социал-демократтардын" бирден-бир лидери катары саналаарын айтат.

Азырынча аты гана бийликчил болгону менен таасири таман алдында калган талаштуу КСДПнын келечеги барбы, деги?...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости