www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Алга» спорт комплексинде Кыргыз Республикасынын футбол боюнча Суперкубогу үчүн беттеш өттү.
Оюнга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев катышты.
Беттеш алдында Адылбек Касымалиев «Алга» футбол клубунун музей бурчу жана 2026-жылы курулган жаңы гибриддик машыгуу талаасы менен таанышты.
Жаңы талаа Нидерланддын «Sport Pitch Systems» BV компаниясы менен биргеликте курулуп, долбоордун жалпы баасы 300 миң евродон ашты.
Жаңы инфраструктура талаанын жүктөмөгө туруктуулугун жана сапатын жогорулатууга багытталган.
Мындан тышкары, клубдун тарыхый мурасын сактоо максатында спорт базасынын мейманкана комплексинде ПФК «Алга» клубунун музей бурчу ачылган.
Андан соң МинКаб Төрагасы өлкөнүн учурдагы чемпиону — Каракол шаарындагы «Барс» менен 2025-жылкы Кыргыз Республикасынын Кубогунун ээси — Бишкектин «Дордой» клубунун ортосундагы беттешти көрдү.
Оюн 2:0 эсебинде аяктап, «Барс» клубу 2026-жылкы Кыргыз Республикасынын Суперкубогунун ээси аталды.
Беттештен кийин Адылбек Касымалиев жеңүүчү командага Суперкубоктун сыйлыгын тапшырды.