www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Салмагың кандай саясатчы деген рубриканын негизинде Кыргызстандын саясатында мамлекеттик жана коомдук иштерге активдүү аралашып жүргөн саясатчылардын, мамлекеттик ишмерлердин бейнеси тууралуу кыскача сүртүмдөрдөн берип туралы дедик. Бул жолку каарманыбыз – Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков.
Кыска убакта түндүктөн түшкөндөй ракеталык карьера жасады. Министр болгонго дейре саясий өңүттөгү жогорку кызматты деле аркалаган эмес. Бирок оомат берсе, кел-кели келип, ташы жогору кулап, азууну айга жанып калуу бат эле экен. Болбосо, майда кызматтарда кирди-чыкты иштеп жүрүп, жаңы бийлик келгенде 2024-жылы Президенттик администрацияда азганактай убакыт иштей коюп, министр болуп чыга келбейт эле. Анысына деле мейли дейт элек, эгер иштин көзүн билип, тартып кетсе. Тилекке каршы, андай болбой жатпайбы?
Мына министр болгондон бери дээрлик 1 жылдан ашты. Эмне иш кылып жатканын жан адам билбейт. Кымбатчылык болсо бул. Министрге баш ийген Антимоноплия уктап жатат. Эл кымбатчылыктан мөгдүрөп, тукулжурап, акыркы күндөрү ачык нараазычылыктарын айта баштады. Азырынча Бакыт мырзанын башы ооруй тургандай эмес.
Экономиканы кыйратканы деле байкалбайт. Деги эле үнү угулбайт. Караса көзгө илинбейт, кайда экени билинбейт. Айтор, эптеп ысык жаны эле бар экен. Эң кур дегенде Антимонополияны жөнгө сала албай койду.