www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен шаарында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев улуттук пилоттук «Мекеним 1+1» программасынын катышуучусу менен жолугуп, анын ишке ашырылышы менен таанышты. Программа чет өлкөдө иштеп тапкан каражатын Кыргызстанда бизнеске жана узак мөөнөттүү долбоорлорго инвестициялоону каалаган эмгек мигранттарын жана алардын үй-бүлөлөрүн колдоого багытталган.

«1+1» механизми мигрант тарабынан тең өлчөмдө салым кошуу шарты менен гранттык жардам көрсөтүүнү карайт. Каражаттар жеңил өнөр жай, туризм, билим берүү, IT, өндүрүш, транспорт жана логистика тармактарында бизнести өнүктүрүүгө багытталат.

Бүгүнкү күндө 59 мигрант грант алып, чакан жана орто бизнести өнүктүрүп жатышат. Мисал катары Азатбек Заирбековдун «Бон Экспрессо» кофейнясын айтууга болот: ал 500 миң сом өз каражатын салып, 206 миң сом грант алган жана күнүнө орточо 9 миң сом киреше табууда.

Канат Сагынбаев программанын жумуш орундарын түзүүдө, экономиканы чыңдоодо жана ишкерликти колдоодо натыйжалуу экенин белгиледи. Баткен облусунда 38 адам долбоорго катышып, бул программага болгон жогорку ишенимди жана аймактын ишкерлик потенциалын көрсөтүп турат.

Бул продукт Кыргыз Республикасынын Президентинин «Миграциялык абалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясынын алкагында ишке ашырылууда. Координациялык ишти Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жүргүзөт, жер-жерлерде ишке ашырууну Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги камсыздайт, ал эми каржылык колдоону Эл аралык миграция уюму (МОМ) көрсөтөт.

 

Последние новости