www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында БАЭнин “Emirates News” (WAM) мамлекеттик маалымат агенттигине маек берди. 

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Саммиттин маанилүүлүгүн, Кыргызстандын стратегиялык артыкчылыктарын, өнүгүүнүн негизги багыттарын, кыргыз-эмират өнөктөштүгүнүн келечеги тууралуу айтып берди. 

Маектин жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы белгилегендей, Кыргызстан учурда эл аралык коомчулукка экономикалык өсүштөгү өзүнүн далилденген эффективдүү моделин сунуштап жатат. Буга байланыштуу ал Дубайда өткөн “Кыргызстандын экономикалык өсүүсүндөгү “Ак илбирстин” модели: өкмөттүк акселераторлор, институттар жана инвестициялар” аттуу биринчи жолу өткөрүлгөн кошумча иш-чараны эске салып, ал өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын иш жүзүндө чагылдырылышы болду.

Адылбек Касымалиев ошондой эле мамлекеттик кызматтын эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча аткарылып жаткан иш-чараларга токтолду.

Ал эми Бириккен Араб Эмираттары менен кызматташууга Адылбек Касымалиев БАЭ Кыргызстан үчүн ишенимдүү жана стратегиялык маанилүү өнөктөш экенин белгиледи. Ал энергиянын кайра жаралуучу булактары, инфраструктура, логистика, айыл чарба, туризм тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун, ошондой эле каржы тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүнүн жана алдыңкы технологияларды киргизүүнүн олуттуу перспективаларын белгиледи.

Последние новости