www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Иш аракеттеги жаңы кодекстин негизинде, соттор өмүр бою же 20 жылдан ашык эмес мөөнөткө эркинен ажыратуу өкүмүн чыгара алышат. Бирок, ЖК депутаты Сайдулла Нышанов парламенттин бүгүнкү жыйынында кыйыткандарына караганда, кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, 20 жылдан ашык убакытка эркинен ажыраткан өкүм чыгарган соттор дагы бар экен.

Нышанов, Башкы прокурордун орун басары Нурлан Дюшембиевге кайрылып, 22 жылга өкүм чыгарган сотторго кандай жаза колдонуларына кызыкты.

- Эгерде соттор чыгарган соттук актылар мыйзамга дал келбесе, анда ошол процесске катышкан прокурорлор мыйзамдын негизинде сунуш киргизет. (...) Дисциплинардык тартип комиссиясы карайт. (...) Эгер одоно бузуу болсо, сөзсүз чара колдонулат. Бирок, соттор андай чечим чыгарбайт болуш керек. Юридикалык билими болгондон кийин. (...) Сиз ошондой чечимди көрсөтсөңүз, биз чара көрөбүз, – депДюшембиев депутаттын суроосуна кыйналып жатып жооп берди.

Ал эми депутат Нышанов, “мен андай соттун чечимин, сизге эртең алып барып көргөзүп берем” – деп белгиледи.

Булак: NazarNews. Kg

Последние новости