www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Тажик концерттен” бир үзүм

Баткен дубанынын Лейлек ооданындагы кыргыз-тажик чек арасындагы “кезектеги” кандуу чырдан улам  ар кайсыл ой жетелейт десең... Балким бул ички жана тышкы күчтөрдүн чагымы жыттанып жүрбөсүн... түтүндөй тарап кеттиби... Ошол жерлик айылдык кеңештин эки депутатын тыкыр суракка алып жатканы да шек жаратат.  Кечээ эле эки өлкөнүн президенттери Исфарада жана Чолпон-Атада бул маселеге чекит койгондой болушуп, келишимге колдорун коюшканы коко тыйынга арзыбай калдыбы?.. Же эл аралык келишимдер маскарапоздордун ыспаравкелериндей тылактай эле кагазбы? 

Маалымат согушунун маалыматтарына таянсак, эки тарап тең өзүн сүттөй ак  катары сыпаттап, тажиктер кыргыз жоокерлери тажик жергесине кирип, чыр чыгарышып, ок атышкандыгын, бир нечелери жаракат алганын урдуртуп жатышат. Кыргыз тарап болсо окуяга олуттуу көз карашын салып, сабырдуулукка чакырып, ташпиштин ак-көгүн тыкыр иликтейли дегендей туурда. Албетте, болоору болуп, боеосу канды дечи, бирок эмне үчүн ушундай кайгылуу окуялардан эмне үчүн сабак алышпайт деген собол өзүнөн өзү жаралат экен да...

Албетте, чек ара маселеси аярлуу, өтө назик келери бышык. Өзгөчө, Баткенден тажик тарапка убай-чубай кирип-чыгып жаткан контробандалык жүктөрдүн токтой турган түрү жокто, ал лөктөрдүн кызыкчылыгы болгон соң, маселе дале апачык калып отурат сыягы. Оболу ушул талылуу маселени кабыргасынан коюп, килейген чекитти коюп туруп, анан чек араны бекемдөөгө көңүлдүн баарын коюу абзелдей. Аны чечүүнүн бирден бир жолу - ошол жерден элди көчүрүп туруп, чек ара зонасын түзүп, зым менен тоспосо бул “тажик концерт” улана берет. Буга бүркүмдөй ишенем. Акетай, Бүргөндү массивинде толгон-токой жерлер жатат, ошякка көчүрсө неге болбосун. Чек ара зонасы түзүлгөн чоң, тажиктер өзүнөн өзү сооронуп таптакыр башкача ырын ырдап калышмак. Контробандалык жүк ташуулар да белинен сынмак. Бирок мындай кадамга  бийликтин баруусуна көз жетпейт. Алар бүгүнкү күн менен гана жашагандар сыяктанат мага. Эртеңге чейин дос болуп турсак, кудай айтат  да бирдемени деп күндү карытып келишет. Качанга чейин?.. 

Жогоруда айтылган чагым демекчи, балким,  мына ушундай жана ошого окшогон  “итчиликтер” президенттин туурун бошотуп, айласын кетирет деген шайтан оюну болуп жүрбөсүн?.. Толук мүмкүн. Болбосо чек арачыларды аттап өтүп курулуш иштерин жүргүзүп жатышпайбы эки тарап тең, эмне үчүн чек арачылар али талашып жаткан жерге кирип барууга мүмкүнчүлүк беришет?

Соболдор толтура... Албетте жообун бийлик эки дүйнө айтып койбойт. "Багдаддын мыкты үйүндөгүдөй сопсонун” деген  баягы эмчек эмизмей, сооротмой... Бирок андан чек ара чөлкөмүндө жашаган элдин көз жашы кубанычка айланып кетпейт... Бүдөмүк келечек... жашоо үчүн күрөшүүдөгү койнундагы ат башындай таштар... Өзүнүн жеринде жашап туруп, кайгы-муңга думуккандарды өздөрү гана түшүнбөсө, бияктагылар деле түшүнгүсү келбеген кез. Аттиң! 

Калдар Шерматов

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости