www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев маалымат жыйындын жүрүшүндө Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда эң көп талкууланган маселелер жөнүндө айтып берди.
Ал билдиргендей, эки жумадан бери Конституциялык кеңешме иштеп жатат.
"Бул жумада сырттан бизге кайрылган жарандарды кабыл алдык. Алардын сунуштарын окуп чыктык. Айрымдарына чогулуштарда сүйлөгөнгө убакыт бердик. Бүгүнкү күндө чоң талкууга түшкөн маселелердин бири - бул эл бийлиги. Аны орнотуунун жолдору, шайлоо кандай болот. Эл бийлигинин өкүлдүк органдарынын маселесин карап чыктык. Бул чоң маселе болду", - дейт ал.
Ошондой эле Бөрүбашев адам укуктары боюнча маселе кызуу талкуу жараткандыгын билдирди.
"Адам укуктары боюнча өтө көп сунуштар болду. Аларды окуп, секциянын мүчөлөрү өз сунуштарын айтышты", - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg