www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Далы менен кыргызча төлгө тарткан, белгилүү төлгөчү Кайып Шер менен маек.
-Акылбек Жапаров сыяктуу фигуралар Кыргызстан эгемендүүлүк алганы пайда болду. Кээ бирөө элдин камын ойлоп эл кыйналып турганда өз жардамдарын беришип элдин батасын алып жатышат. Кээ бирөө ушундай илдеттен пайдаланып дары-дармектердин жана башка товарлардын баасын кымбаттатып, коронавирус учурунда ушул оорудан каза болгондордун санын көбөйтүп,гумжардамдарды жара тартып элдин каргышына калып жатат. Башаламандыктан запкысын эл тартып Жапаровго окшогон миллиардерлер пайдасын көрөбү?
-Адамга ат койгондо бекер жеринен коюлбайт. Үсөнбек атабыз Акылбек акебиз жарык дүйнөгө келгенде акылдуу жигит болсун деп «Акылбек» деп койгон. Чындыгында акылы жагынан Акылбек мырза ушул атты актады. Ал СДПК партиясынын штабын жетектеп саясатка аралашты, Атамбаев менен биримдикте «Кыргызавтомаш» ишканасын бөлө тартканы менен өзү Атамбаевге окшоп ал жерге жологон жок. Ал жерди жеңебиз тейлеп мамлекеттин казынасына милллиардаган сом, соцфондго миллиондогон сом пайда түшүрүп жатат.
-Октябрда башаламандык болуп бийлик алмашкан соң президентке кеңешчи болгон Жапаров кызмат ордун майлайм деп бир топ күн жок болгонун эл билет. 2007-жылы октябрда өкмөт башчысы Атамбаевге «Данакер» орденин тагып, ал кездеги президент кызматынан алган. Анын ордуна ишке жөндөмдүүлүгүн эске алып Жапаровду өкмөт башына сунуш кылганда, ал кызмат ордун майлап кетип, бул кызматтан кур калганы белгилүү. Садыр Жапаров аны кечирди, убагында Бакиев аны эмнеге өкмөт башчысы кылган жок?
-Курманбек Бакиевдин убагында ар бир мүнөт кымбат болгон. Ал Акылбек Жапаровду өкмөт башчысы болсо каржы саясатын жакшы билет, дүйнөлүк кризис убагында ушундай адамдар керек деп боолгологон. Жапаровдун өкмөт башчысы болбой калганына эки себеп бар. Биринчиден, андан мурунку премьер-министр Алмазбек Атамбаев анын өкмөт башчысы боло турганына каршы болуп, аны президент Бакиевге жамандап, менин ордума Жапаров болбосун деп «керээзин» айтып кеткен. Экинчиден, барыбыз тең кыргыз эмеспизбизби, убагында келбей Жапаров тойлоп кетип калган. Болбосо анын жылдызы жанып, керек болсо президент боло турган жигит.
-Бакиевдин убагында өкмөт башчысы болбосо да биринчи вице-премьер, Финансы министри, Экономика министри катары «Ваше Превосходительство» деп жүрүп, Жапаров өз капчыгын жакшы эле калыңдап алды. Арийне, Бакиевдик бийликти Убактылуу Өкмөт кетирип, Атамбаев президент болгону экинчи ирет Финансы министри болгону да чын. Атамбаев кызматтан түшөрү менен Асылбек Жээнбековго куда болом деп жулунуп жүргөнүн эл билет. Эми Садыр Жапаров менен сарбагыш катары ага-ини болуп калыптыр го...
-Акылбек Жапаров кристаллдай таза адам. Ошол үчүн ал бизнеске колун сунган жок. Башка чоң мансаптуулар кызматка келери менен коррупцияга кол сунуп, бизнес менен алпурушат. Жапаров бизнес үчүн эмес, эл үчүн кызмат кылат.
- Жапаров эл үчүн кызмат кылса, куда-сөөгү Жээнбековдун учурунда 90 млн доллар мамлекеттик бюджетке эмнеге төлөгөн жок?
-Жапаровдун бул акчага тиешеси жок. Бизнести жеңебиз кылат, ал убакытты кечиктирип бул акчаны салыкка төлөп берди. Ал эмес салыкка, соцфондго эсептегенде отуз жылдан бери миллиардаган сомдорду төлөп келатат.
-Биздин Орусияда жүргөн мигранттар мамлекеттик бюджет менен теңме-тең акча таап, Кыргызстанга жөнөтүп элди багууга көмөктөшүп жатат. Ортодо коронавирус деген илдет илээлешип алып, Орусия менен болгон каттам азайып бараткандай. Бул тууралуу маселе парламентте козголду, Жапаровдун пикири кандай?
-Акылбек Жапаров Орусияга Кыргызстандан мигранттарды керек болсо эшелон кылып поездде жеткирүүнү сунуш кылып жатат. Бул тууралуу ал 2021-жылы 20-январда парламенттин жыйынында да билдирген. Анын айтымында, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы авиакаттамдарды көбөйтүү зарыл. Анын пикирин толугураак келтирели: «Москванын мэри Собянин бир топ жумуш орду бошоп, иштегенге киши жок болуп жатканын айтты. Биз авиакаттамдарды ордуна келтире албай жатабыз. Керек болсо эшелон-эшелон кылып поездде балдарыбызды жеткиргенге аракет кылышыбыз керек. Билеттердин баарын өкмөт субсидия кылып бериши керек. Орустун акчасын - 5-10 миллиард рубль алып, балдардын билетин алып берели. Бир-эки жылда кайра өздөрү төлөгөндөй кылып... Жумушсуздук күчөп баратат», - деген Жапаров.
-Жапаровго төлгө тартып көрдүңбү?
-Сарбагыштар бир бийликке жармашса Усубалиевке окшоп жыйырма беш жыл, Акаевге окшоп он беш жылсыз кетпейт. Сарбагыш С.Жапаров президент болду, лимити түгөнсө сарбагыш А.Жапаров аттанышы мүмкүн.
Маектешкен: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg