www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маданият министри болгон Алтынбек Максүтовду орун басарлары тоготпой, тармактын иши илең-салаң болуп, араң кожо көрсүнгө кирип-чыгып жүрүшкөнү көптөн бери сөз болуп келе жатат. 

Максүтов өзү мыкты режиссёр болгону менен мыкты жетекчи боло албай чайналууда. Экинчи ирет министр болсо дагы, ишти тарта албай келет. Орун басарлары дагы баары алсыз. Кооз сүйлөгөн популисттер. Реалдуу иши жок, куру пиар менен алектенгендер. 

Айталы, биринчи орун басары Кайрат Иманалиев баш болуп, Айнура Аскарова, Чыңгыз Эсенгулов, Марат Тагаев баары журналист, оозу менен орок оргондор. Негизи журналисттер интриганын акесин тааныткандар болот эмеспи...

Мына биринчи орун басары Кайрат Иманалиев орун басардын ою жаман болуп, мурда министр болуп иштеп калгандыктанбы, өзүн жетекчи сезип, тизгин талаша бермейи бар экен. 

Марат Тагаев деген жаштайынан мансапкор, кошоматчы орун басары болсо, Фейсбукта президент менен депутаттарга кошомат айтып эле отурат. Кылган иши ошол. Өткөндө малга салык салыш керек деп "оттоп" жүрөт.  Маданият тармагынын мал менен кандай байланышы бар? Деңгээл. Кошоматчылык эмне деп дөөрүтпөйт...

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости