www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда "Талим" тайфуну Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясынын Чжаньцзян шаарынын жээк аймагына каптады. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, бороон-чапкындар суу ташкынына алып келген. 230 миң адам эвакуацияланды. Катуу шамал жана нөшөрлөгөн жамгырдан улам жүздөгөн поезд жана каттамдар токтотулду.

Кытайдын Улуттук метеорологиялык борборунун маалыматына караганда, тайфун Түштүк Кытай деңизиндеги Бейбу булуңуна жылып, 18-июль күнү эртең менен Гуанси-Чжуан автономиялык районунун жээк аймактарына кайрадан сокку уруусу күтүлүүдө.

Кошумчалай кетсек, бийиктиги алты метрге жеткен толкундар Хайнань аралынын түштүгүндөгү провинциясына да келиши мүмкүн.

Кытай Эл Республикасынын Транспорт министрлигинин Куткаруу башкармалыгынын маалыматы боюнча, 11 жогорку сыйымдуулуктагы куткаруучу кеме, 5 тик учак, 46 кадимки куткаруучу кеме жана 8 авариялык-куткаруу тобу күтүүгө коюлган.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости