www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусияда каттоодон өтпөгөн "Башка Орусия" партиясы өзүн өзү жойду. Бул тууралуу маалымат аталган партиянын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка караганда, "Башка Орусиянын" Москва шаардык бөлүмүнүн башчысы Ольга Шалина "Интерфакс" агенттигине анын ордуна аталышында Эдуард Лимоновдун ысымы бар жаңы партия түзүлөрүн билдирди. Ага ылайык эми "Э. В. Лимоновдун башка Орусиясы" деп аталган жаңы партияны каттоодон өткөрүүгө аракет кылышат жана партияны негиздөө боюнча курултай бир жылдан кийин өткөрүлөт.
Белгилей кетсек, "Башка Орусияны" саясатчы жана жазуучу Эдуард Лимонов 2010-жылы негиздеген. Андан бир канча жыл мурун анын "Улуттук-большевисттик партиясына" (НБП) тыюу салынган. 2000-жылдардын башында НБП радикалдуу саясий күч катары таанылган жана анын мүчөлөрү бийликти да, либералдык көз карашы бар оппозицияны да кескин сындап келген.
Ошондой эле аталган партияны колдогон активисттер бир катар чуулгандуу акцияларды уюштурушкан. Ошондой эле Балтика өлкөлөрүндө жана Крымда орусиячыл маанайдагы иш-чараларды өткөрүшкөн.
Эске салсак, Юстиция министрлиги "Башка Орусияны" каттоодон бир канча жолу баш тарткан жана анын мүчөлөрүнө айып салынган, айрымдары камакка да алынган.
Кошумчалай кетсек, Эдуард Лимонов 77 жаш курагында быйыл март айында каза болгон.
Булак: NazarNews.kg