www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алмазбек Шаршенович Азиз Суракматовду бир кезде өзү СДПКнын тизмесине кошкон. Анткени "СДПК партиясынын Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлеринин тизмесин өзүм түзгөм" - деп бир маалымат жыйынында айтып жаткандай болду эле.
Суракматов мэр эле эмес, жакында парламенттеги СДПК фракциясынын депутаты да болмок. Анткени тизме боюнча кезеги да ошонуку экен.
Кызыгы эми А. Суракматовду өзүнүн "Апрель" ТВсынан минтип шылдыңдатып, жамандатып жатканы кандай?
Суракматов СДПКнын шайлоого аттанган депутаттарынын тизмесине киргенде жакшы да эми жаман болуп калдыбы? Башкалар го мейли, ушу өңгө шылдыңдаса дагы Атамбаев мырза мынчалык "пас" кетпесе болмок да..
Айтмакчы "Апрель" ТВдан жана да башка "тараптардан" А. Атамбаев аябай шыбатып жаткан Суракматовду шаарга мэр кылабыз деп СДПКканын үлкөнү Иса Өмүркулов өзү айтып чыкты го..
Же А. Атамбаев "уже" СДПК партиясында эмеспи?
Же кандай..?
Шайырбек Абдырахманов
Булак: NazarNews.kg