www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкаруучу партия  баары бир күчтүү

Мунун дегеле кошулмасы жок. Эгерде башкаруучу партия бирдемкени көздөсөсөзсүз түрдө ошону шылып түшөт. Башкаруучу партиянын эл өкүлдөрү каржы министрлигин кокодон алып өз убадасынын өтөлүнө чыгуу үчүн дайыма колдонушат. Анткени элге берилген убаданы турмушка ашыруу үчүн ири көлөмдөгү каражат талап кылынары маалым. Демек, анын жолун ачууга каржы министрлиги  жардамга келбесе болбойт. Оппозициядагы партиядан чыккан депутаттар көп учурда элге берген сөзүн аткаралбай уят болушканын көрүп эле жүрбөйлүбү.  Кандай болгон күндө да алардын дараметинин кубаты жок десек бап келет.

Маселен, кызматка койгон учурда деле башкаруучу партиянын талапкери аягында утуп чыгат. Эгерде Канат Азиз  КСДП тарабынан Акыйкатчылыкка көрсөтүлгөндө  эч кимге камчы салдырбай жеңишке жетмек. Тилекке каршы аны апендинин кызындай макташса деле чогулткан упайы жука болуп калып, мурду менен жер сүздү. Ал эми пайгамбар жашынан өткөн генерал “берекесин” чогултуп алып, тигиге бармагын көрсөтүп келекелегени билинди. Ушундан улам келечегин ойлогон Канат мырза “Ата Мекен” партиясы менен коштошкон сыяктуу. Минтип болбогон партиянын этегин кармап жүрө берсе ити кайдан чөп жесин? Сыпайылантып сүйлөгөнү менен туурасы алсыз партиядан эрте чыгып кеткени майнаптуу болду. Кийинкиде илибой кызматтын эшиги алүчүн ачык болорун айта кетсек ашыкча болбостур, кандай дейсиңер?

Булак: "Ачык сөз"

< Предыдущий
Секс сабак
Секс сабак
11.10.2018 22:26

Последние новости