www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокуратура өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахмановдун уулу Азиз Орозбаевди экстрадициялоо боюнча өтүнүчкө кол коюп, аны орусиялык кесиптештерине жөнөткөн. Бул тууралуу журналисттерге Генпрокуратурадан билдиришти.
Маалыматтарга ылайык, документ Россияга 22-сентябрда жөнөтүлгөн.
Эске сала кетсек, 4-сентябрда Москвада Баткен облусунун башчысынын уулу Азиз Орозбаевдин кармалганы белгилүү болгон. Жаш жигит алдамчылыкка шектелип, мамлекеттер аралык издөө жарыяланган.
2019-жылдын март айында Бишкекте үч жаран ишкерге ишенимин арттырып, чет өлкөдөн алынып келинген чет элдик автоунааларды сатып алууну шылтоолоп, ага жалпысынан 2 165 359 сом зыян келтирген. Шектүүлөрдүн арасында Азиз Орозбаев дагы болгон. Ал былтыр жазында тергөө иштеринен качып кеткен. Январь айында ага сыртынан айып тагылган.
Билак: NazarNews.kg