www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы статистикалык маалыматтар боюнча уурулук Кыргызстандагы эң көп жайылган кылмыш бойдон калууда. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгынын кылмыш жана укук статистикасы, анализ жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Эмил Чамбаев Sputnik агенттигинде өткөн брифингде билдирди.

Башкы прокуратуранын Укуктук статистика жана каттоо башкармалыгынын кылмыш жана укук статистикасы, анализ жүргүзүү бөлүмүнүн жетекчиси Эмил Чамбаев

Ал  катышты.

"Уурулукка өзүнчө басым жасалат. Кылмыштын бул түрү республикада кеңири жайылган. Эгер сандар менен айта турган болсок, быйыл 9 543 арыз түшкөн. Башка кылмыштардын биринде дагы мындай көрсөткүч жок", - деди Чамбаев.

Анын айтымында, быйыл катталган уурулуктун жарымынын бети ачыла элек (4 819).

Белигилей кетсек, буга чейин Улуттук статистика комитети Башкы прокуратуранын маалыматтарына таянуу менен 2021-жылдын январынан июнь айына чейин 23,5 миң кылмыш катталганын, бул өткөн жылдын ушул эле убагына салыштырмалуу бир жарым эсеге көп экенин кабарлаган. Чамбаев бул боюнча дагы брифинг учурунда түшүндүрмө берди.

"2020-жылдагы кырдаал баарыңыздардын эсиңиздерде. Пандемиядан улам өзгөчө кырдаал режими, коменданттык саат жана башка чектөөлөр киргизилген. Көңүл ачуучу жайлар, соода борборлор иштеген эмес. Бардык жерде блок посттор турду. Мунун баары 2020-жылдагы кылмыштардын санына таасир этти. 2021-жылы чектөөлөр болгон жок. Бул кылмыштуулуктун өсүшүнүн бир себеби. Мындан сырткары, пандемия учурунда көптөр ооруду, алардын арасында кылмышкерлер да бар. Адегенде алар кылмыш кыла алышкан жок. Кылмыштуулук – бул динамикалык көрсөткүч, ага дайыма көп фактор таасир этет", - деди Чамбаев.

Ал ошондой эле жыл сайын бир эле сан кайталана бербей турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости