www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мелис Арып-Бек китепте Элмирбек Иманалиевдин өзгөчө талант болгонун баса белгилеген”, - деди бүгүн, 11-августта NazarNews маалымат агенттигине мурдагы маалымат, маданият жана туризм министри Азамат Жаманкулов.

--“Элмирбек Иманалиев бүтүндөй Борбор Азияга аты белгилүү төкмө акын болгон. Мындан тышкары мыкты обончу, дастанчы, манасчы, актер жана жазма акын катары да калың журтка таанымал. Тилекке каршы 42 жашында дүйнө салды.

Көзү тирүү болгондо дагы чоң эмгектерди жаратмак. Бирок өзү жок болсо дагы эскерип, эмгектерин баалагандар арбын. Бизге мурас кылып калтырган өнөрүн, чыгармаларын элге жайылтып, унутта калтырбашыбыз керек.

Иманалиевдин обондуу ырлары элдин жүрөгүнөн орун алып калган, карапайым эл дагы анын ырларын оозеки таратып, муундан-муунга калтырат деп ойлойм.

Мелис Арып-Бек агай Элмирбек Иманалиевге арнап “Элесиң элдин эсинде, эл акыны Элмирбек” аттуу китебин окуп чыктым. Китеп абдан жакшы жазылыптыр. Анын өзгө таланттын ээси болгону, көптөгөн чыгармалардын автору экени белгиленген. Биз ушундай инсандарыбыз менен сыймыктанабыз. Агайга ийгилик калайм, дагы көптөгөн китептерди чыгарат деп ишенем”, - дейт экс-министр.

Кошумчалай кетсек, бүгүн белгилүү журналист Мелис Арып-Бектин кыргыздын алп акыны Элмирбек Иманалиевге арнаган “Элесиң элдин эсинде, эл акыны Элмирбек” аттуу китебинин бет ачаары болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости