www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы башкы прокурор саясатчыларга карата жүргүзүлгөн резонанс жараткан иштерди кайра карап чыгууга сөз берди. Жакында Жогорку Кеңеш башкы прокурордук кызматка президент сунуштаган Өткүрбек Жамшитовдун талапкерлигин бекитишти. Депутаттар Кыргыз Республикасынын жаңы башкы прокурорунун көңүлүн “коррупциялык” деп аталган иштерге буруп, алардын иштерин кайра карап чыгууну талап кылышты.

Анда “Кыргызстан” фракциясынын мурунку лидери Канат Исаевге болгон кылмыш иши жөнүндө айтылган. Ал массалык баш аламандык жана мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деп шектелип камалган. Андан тышкары, “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра карап чыгуу маселеси да катуу талкууга алынууда. Анын адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, соттолгон оппозиционердин тагдыры менен Венеция комиссиясы кызыгууда.

«Алар Өмүрбек Текебаевдин ден-соолугу үчүн гана эмес, ошондой эле ага карата ачылган кылмыш иши саясый жана заказдалган мүнөздө болгонуна тынсызданууда», — деп айтууда юрист.

Текебаевди колдоо сөздөрүн жакында эле “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов да айтып кетти. Ал мурунку кесиптешинин иши кайрадан каралып чыгышы керек деп белгиледи. 2018-жылдын февралында өткөн Коопсуздук кеңешинин отурумунда президент Сооронбай Жээнбеков укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарын коррупция менен күрөшүү керектүү деңгээлде болбой жаткандыгы үчүн сынга алган. Коррупция боюнча токтотулган кылмыш иштеринин баарын кайра жандандырып, иликтенип, өкүм чыгарылган иштерди кайра карап чыгыш керектигин белгилеген.

Жакында дагы эки саясатчы экс-депутаттар Наримана Түлеев менен Карганбек Самаковдун тагдырлары чечилип калышы да мүмкүн. Түлеев 11 жылга соттолгон. Анын көптөгөн сандагы мүлкү конфискацияланган — имараттар, кеңселер, соодар борборлору. Юристтер белгилегендей, конфискация мыйзамсыз жүргүзүлгөн.

«Иликтөө учурунда алар эч кандай документтерге негизделген эмес. Кытайдан келген автобустардын документтери жана алардын котормолору менен таанышкан эмес. Ошондо мен Сапар Исаквого кайрлыган элем, ал “бул иш биринчинин өздүк көзөмөлүндо, эгер аны менен консенсуска келсе, анда эч кимдин иши да болбойт» деди, — деп айткан ЖМКларга Түлеевди коргоо комитетинин өкүлү Урмат Акунов.

Экс-депутаттын бир тууган иниси Нарынбек Түлеев да белгилегендей, алар Алмазбек Атамбаевге чындыкты жеткирүүгө аракет кылышкан.

«Анын өкүл баласы Сталбек Молдалиев аркылуу Кытай компаниясы менен болгон келишимдерди жана КНРдин өкмөтүнүн документтерин берүүгө аракет кылдык. Бирок Атамбаев бизди шылдыңдап, эч кандай документтердин кереги жок, бул өлкөдө өзүм прокурор, өзүм сотмун, кандай кааласам кылам, ал эми судья Сариев өкүмгө гана кол коет”, деп койгон деп билдирди.

Карганбек Самаков 2017-жылдын декабрында райондук сот тарабынан 10 жылга түрмөгө камалган. Аны мыйзамсыз жерлерди трансформациялаган деп күнөө коюшкан. Аны менен бирге бир топ адамдар күнөөлөнүүдө, алардын арасында экс-премьер-министр Игорь Чудинов да бар. Иш соттун экинчи инстанциясына берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости