www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү көбөйөт

Бул тууралуу башкы прокурор Курманкул Зулушев 30-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Баш мыйзамдын өзгөрүшүнө жана Улуттук коопсуздук комитетинин Антикоррупциялык кызматы жоюлганына байланыштуу прокуратура органдарында тергөөчүлөр көбөйөрүн билдирди.

Зулушев жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматында иштегендердин 10 пайызга жакынын өздөрүнө алуу, резервде турган кадрлар арасынан тандоо жана жаш адистерди үйрөтүү караштырылып жатканын айтты.

«Баш мыйзам кабыл алынгандан кийин өкмөткө, аткаруу бийлигине бүтүндөй өлкө боюнча дагы 145 тергөөчү алуу тууралуу сунуш киргизебиз. Учурда биз кодекстердин кабыл алынышын күтүп жатабыз, андан кийин тергөөгө байланыштуу ишти баштайбыз», - деди Зулушев.

Эске салсак, өткөн аптада президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы кызматты жойгон. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы болсо март айында жоюлган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости