www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн укуктук негиздеринин жөнгө салынышына жана соттук реформага салымын кошкон бир катар инсандарга сыйлыктарды ыйгарды. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында кабарланат.

"Даңк" медалы менен президенттин алдындагы Соттук реформа боюнча Кеңештин мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, Евразия экономикалык биримдигинин сотунун Кыргыздын атынан судьясы Галина Скрипкина сыйланат;
Өлкө башчысы муну менен катар "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" наамы менен төмөнкүлөрдү сыйлады:
Эксперттик топтун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрайымынын орун басары Анархан Базаралиева;
Эксперттик топтун мүчөсү, соттук реформа бөлүмүнүн эксперти жана КРнын Президенттик аппаратынын мыйзамдуулугу боюнча эксперти Сергей Демин;

Соттук реформа боюнча кеңештин экс-катчысы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Индира Жолдубаева;
КРнын президентинин алдындагы соттук реформа жүргүзүү боюнча кеңештин мүчөсү, Жогорку Кеңештеги президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, укуктук жактан камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Анарбек Исмаилов;
КРнын президентинин алдындагы соттук реформа боюнча Кеңешинин мүчөсү, Сотторду тандоо боюнча республикалык кеңешменин төрагасы Шамарал Майчиев;

Жогорку Кеңештин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн жетекчиси Канатбек Садыков;
Эксперттик иш тобунун жетекчиси Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетинин деканы, профессор Кынатбек Сманалиев;
КРнын президентинин алдындагы соттук реформа жүргүзүү боюнча кеңештин мүчөсү, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык байланыш боюнча проректору, юридика илимдеринин доктору Лейла Сыдыковалар сыйланышты.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Последние новости